super.kg logo

Казакстанда коронавирусту аныктоочу тесттер тартыш болуп жатканы айтылууда

 

Казакстанда коронавирусту аныктоочу тесттер тартыш боло баштады. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматта Казакстанда дарыгердин жолдомо кагазы жок эле өз алдынча коронавируска тест тапшырууга аракет кылгандар көбөйгөнү айтылат.

"Учурда Алматы шаарында анализ кабыл ала турган бир гана лаборатория түйүнү иштеп жатат. Мындан улам жарандар эртең менен саат 07:00дө эле топтолуп, кезекке турушууда. Анда күнүнө 150 гана тест колдонуу мүмкүнчүлүгү болгондуктан, ушунча санда гана адам кабыл алынууда.

Казакстанда тесттер өткөн аптадан бери тартыш болууда. Буга байланыштуу анализ кабыл ала турган лабораториялардын көбү жабылып калган. Ал эми Казакстандын саламаттыкты сактоо министринин кеңешчиси дарыгердин жолдомо кагазы жок коронавируска анализ тапшыруунун зарылдыгы жок экенин билдирген", - деп жазылат маалыматта.

Акыркы маалыматтар боюнча, Казакстанда коронавирустан 136 киши каза болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: