super.kg logo
  Саясат  

Депутат Рысалиев: "Сооронбай Шарипович, Кыргыз өлкөсүндө Манас атанын ордуна Манассыз"

 

Депутат Зарылбек Рысалиев "Манас-Ордо" комплекси курулгандан баштап өзгөрүү болбогонун айтып, президентке кайрылды. Бул тууралуу пикирин ал бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Президентке кайрылып, бир сөз айткым келди эле. Сизди тегеректеген адамдар бир ай, эки ай убакыт деп сизге мени киргизбей коюшту. Ошондуктан микрофон аркылуу кайрылып жатам. Сооронбай Шарипович, Кыргыз өлкөсүндө Манас атанын ордуна Манассыз. Таластагы "Манас-Ордо" комплекси жөнүндө айтып кетейин дедим. Аталган комплекс 1995-жылы салынган. Ошондон бери "Манас-Ордодо" бир дагы өзгөрүү жок. Манас казак, өзбек же түркмөн уруусунан болуп калса, Манаска ушундай мамиле жасайт беле? Манас атабыз элди түптөгөн адам, ага жасаган мамилебиз салкындай болуп сезилет.

Сооронбай Шарипович, башка кишинин колунан келбейт. Биз Манастын тукуму качан Манас атабызды атка мингизебиз?" - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: