super.kg logo
  Спорт  

УЕФА Кыргыз футбол союзуна колдоо көрсөттү

 

Европа футболдук ассоциациясынын бирикмеси (УЕФА) Кыргыз футбол союзуна (КФС) UEFA ASSIST эл аралык программасынын алкагында колдоо көрсөттү. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун расмий сайтына жарыяланды.

Ага ылайык, УЕФАнын аталган программасынын алкагында Кыргыз футбол союзуна Hyundai H1 минивэни жана 700 миң сомдон ашык каражатка уюштуруучулук техникалар (компьютерлер, UPS, МФУ жана башкалар) жардам катары көрсөтүлдү.

UEFA ASSIST эл аралык программасы башка конфедерациялардын улуттук ассоциациялары менен тажрыйба бөлүшүү аркылуу футболду өнүктүрүү жоопкерчилигин күчөтүүгө чакырат.

UEFA ASSIST программасынын мазмуну – ФИФАнын башка конфедерацияларына пайда алып келе турган тажрыйба жана билим менен бөлүшүү.

UEFA ASSIST финансылык эмес, футболду өнүктүрүүгө багытталган ар кандай иш-чараларды өткөрүү сыяктуу практикалык жардамдарды көрсөтүүгө багытталган.

UEFA ASSIST программасы төрт негизги башкы элементтен туруп, анын ар бири ассоциацияларга жана конфедерацияларга олуттуу жардам берет:

- Окутуу жана тажрыйба менен бөлүшүү;

- Өспүрүмдөр футболун өнүктүрүү;

- Инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду колдоо; - УЕФАнын улуттук ассоциациялардын программасын колдоо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.06.2020. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
УЕФА кыргызстанга стадион курулат деп атты элего. Стадион курулбай калып кеттиби.
25.06.2020. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Sancho-,Аны биздин Ак уйдогу вундеркиндтерден сураш керек!Ошол акылдуулар кыйын болуп атышты эле го.Азия кубогунан кийин(2019)30мин киши батчуудай стадион курулат деп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: