Бразилияда акыркы бир сутка ичинде 42 миңден ашык адамдан коронавирус аныкталды
Бразилияда акыркы бир сутка ичинде 42 миң 725 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталып, 1 миң 185 бейтап каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги берген маалыматка таянып, чет элдик басылмалар жазышууда.
Буга чейин Бразилиянын федералдык соту президент Жаир Болсонаруга эл алдында бет кап кийүүнү буйрук кылган. Соттун чечимин аткарбаган учурда президент 390 доллар (болжол менен 29 миң 246 сом) айып пул төлөйт.
Акыркы маалыматтар боюнча, Бразилияда жалпы 1 миллион 138 миң 631 адамдан коронавирус аныкталды. 53 миң 830 адам каза болсо, 660 миң 469 бейтап айыгып чыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.