super.kg logo
  Саясат  

Депутат Акаев Асылбаевага: "Саясий эркиңиз болсо "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун кайтарып алыңыз"

 

"Саясий эркиңиз болсо "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун кайтарып алыңыз", - деп бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев мыйзам долбоорунун демилгечиси Гүлшат Асылбаевага кайрылды.

"Биз парламентке элдин жашоосун жеңилдетебиз, аларга шарт түзөбүз, элдин кызыкчылыгын аткарабыз деп келебиз. Бирок келгенден бери бир нече жолу аларды нааразы кылган, керек болсо үйлөрүнөн көчөгө чыгара турган мыйзамдарды талкуулап, ошолорду кабыл алып жатабыз.

Интернетте 5 миңдеген адамдар бул мыйзам долбооруна каршы пикирлерин жазып жатышат. Эми ошонун баары фейкпи? Алардын сөзүн укпай коюш болбойт. Кайсы бийлик болбосун, кайсы парламент болбосун элдин сынына чыдаш керекпиз. Фейктерден менин туугандарым жабыркады деген болбойт. Анда парламентке келбеш керек",
- деди ал.

Жогорку Кеңеште "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоору каралууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: