super.kg logo
  Саясат  

Спикер: "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоору керектүү мыйзам"

 

Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңеште "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоору каралууда.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков бул мыйзам долбоору 21-кылымда керектүү мыйзам экенин айтты.

"Сөз эркиндигинин абалы бүгүнкү күндө Кудайга шүгүр ачык-айкын. Жарандардын өз оюн ачык айтканга эч ким тоскоолдук кылбайт. 21-кылымда жашап жатабыз. Бул мыйзам долбоору керек. Мурда гезиттерге туура эмес маалымат чыкса, жабырлануучу гезитти сотко бергенге укугу болгон. Ар бир адам өзүнүн укугун коргогонго шарт болгон. Бүгүн маалыматтарды интернет булактарынан алып жатышат. Аталган мыйзам долбоору менен адамдардын укугу ушул жерде корголот. Интернет булактарынан фейктер бир адамды кылбаган ишин кылды десе, ал өзүн-өзү коргош керек да. Бул мыйзам долбоору бардыгыбыздын укугубузду коргойт. Оппозицияда жүргөн мекендештерибизге керектүү мыйзам", - дейт Жумабеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: