super.kg logo

Өзүн "дарыгермин" деп тааныштырган. Бишкекте мас абалында унаа башкарып, эреже бузган айдоочу кармалды

 

Бишкекте мас абалында унаа башкарып, патрулдук милициянын талаптарына баш ийбеген айдоочу кармалды. Маалыматты милициянын кайгуул кызматынын басма сөз өкүлү кабарлады.

25-июнга караган түнү болжол менен саат 02:30 чамасында Фрунзе-Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинен мас абалда унаа башкарып бараткан айдоочу аныкталган.

"Кайгуул кызматкерлери унааны текшерүү үчүн токтоткон. Бирок айдоочу кызматкерлердин талабына баш ийбей, изин жашырып кетүүгө аракеттенген. Айдоочу коомдук тартипти бузуп, Чүй кең көчөсү менен Панфилов көчөсүнүн кесилишинен жеңил унааны сүзүп, андан ары качып жөнөгөн. Патрулдук милициянын кызматкерлери Салиева-Будённый көчөлөрүнөн кесилишинен унаанын дөңгөлөгүнө бир нече жолу ок атып токтотушкан.

Кармалган жаран 1987-жылы туулган Ө.Ж. экендиги белгилүү болду. Айдоочунун айтуусу боюнча, ал жугуштуу оорулар ооруканасында дарыгер болуп эмгектенет. Текшерүү учурунда ал мас абалында экени аныкталып, Свердлов РИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө", - дешти мекеменин маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
25.06.2020. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушинтип биртке чогулткан авторитетти туготот. Ичсе да такси толтура го ашып кетсе 100 сом менен жетмек уйуно.
25.06.2020. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Asman779, бул жөн гана тоготпогондук кыргыз мыйзамын сыйлабагандык.
25.06.2020. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Дарылоону озундон башта.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: