super.kg logo
  Саясат  

Акыйкатчылыкка талапкер Абиба Маткасимова "мени жаш балам менен Жогорку Кеңешке киргизбей коюшту" дейт

 

Абиба Маткасимова акыйкатчылык кызматка ат салышпай турганын 10-сентябрда ЖКнын адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Айтымында, бул абдан оор иш. “Мен келечектеги акыйкатчы адамдарын укугун коргошун каалайт элем. Укуктар ар бир кадам сайын бузулуп жатат. Мисалы, бүгүн мени парламентке эмчектеги балам менен киргизбей коюшту. Эмнеге бул жерде эне жана бала үчүн атайын бөлмө жок? Мен нааразымын”,- деди ал. Белгилей кетсек, Абиба Маткасимова "Наима" коомдук фондунун директору. Буга чейин акыйкатчылык кызматына 54 киши талапкерлигин коюп, депутат Айнуру Алтыбаева да акыйкатчылык үчүн ат салышпай тургандыгын билдирген. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: