super.kg logo

Вице-премьер ыктыярчылардын кыймылын координациялоо механизмин түзүү боюнча кеңешме өткөрдү

 

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова өлкөдөгү ыктыярчылар кыймылын координациялоонун бирдиктүү механизмин түзүү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Кеңешмеге ыктыярчылар кыймылынын, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана саламаттыкты сактоо тутумунун кызматкерлери катышты. "COVID-19 пандемиясынын биринчи толкуну учурунда ыктыярчылар кыймылдары жарандарга гуманитардык көмөк көрсөтүүдө олуттуу роль ойноду. Буга катар республикада кыймылдын бирдиктүү координациясы жок. Бүгүн биз кыймылдын ордун жана ролун, аталган кыймыл үчүн мыйзамдык базаны түзүүнүн максаттуулугун талкуулоону пландаштыруудабыз. Өлкөдө орун алган эпидемиологиялык абалга байланыштуу ыктыярчылардын көмөгү зарыл", - деди Аида Исмаилова.

Өз кезегинде Улуттук Кызыл Жарым Ай коомунун өкүлү Бермет Усубалиева Кыргыз Республикасында ыктыярчылардын кыймылын өнүктүрүү концепциясынын долбоорун сунуштады. "Бүгүнкү күнгө дейре биз мамлекеттик органдар менен биргеликте ар кыл багыттагы ыктыярчыларды окутуу жана даярдоо иши менен алектенип келдик. Алардын арасында өз тажрыйбаларын пайдаланып, мамлекеттик масштабдагы бир катар иш-чараларга катышкандары да бар", - деди ал.

Жолугушуунун соңунда ыктыярчылардын кыймылын активдештирүү маселесин талкуулоо боюнча кеңири форматтагы жолугушууну уюштуруу чечими кабыл алынды. Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигинин муктаждыгына жараша саламаттыкты сактоо тутумундагы кызматкерлерге колдон келген көмөгүн көрсөтө алуучу ыктыярчылардын тизмеси сунушталмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: