super.kg logo

"Айтканыбызды укпадыңар". Бишкек шаарында дем алыш күндөрү коомдук транспорттор жана такси кызматы толугу менен токтотулат

 

Бишкек шаарында дем алыш күндөрү коомдук транспорттор толугу менен токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев онлайн маалымат жыйыны учурунда айтты.

"Шаарыбызда күн санап коронавирус инфекциясы жайылып жатат. Көп айтылган чараларга кулак төшөбөй жатасыздар. Бүгүн Бишкек шаарында корнавирус аныкталган адамдардын саны 100дөн ашты. Бул өтө коркунучтуу көрүнүш. Социалдык тармактарда "оору жок" деп жазып жатып ушуга жеттик.

Бүгүн комиссиянын чечими менен токтом чыкты. Ага ылайык, Бишкек шаарында толугу менен ишемби жана жекшемби күндөрү троллейбус, автобус жана кичи автобустарды, такси кызматтарын токтотобуз. Бул коронавирус илдетин токтотууга үмүт берет. Убара болуп дем алыш күндөрү Бишкекке келбей эле коюңуздар. Инфекция транспорттон жугуп жатат деген шек саноо бар.

Мындан тышкары ар аптанын дүйшөмбү күндөрү "Дордой" базарынан башка бардык базарлар жабылат",
- деди Түлөбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
25.06.2020. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыз боозуп энесин коркутат дегенден болуп, эмне эле айтканды укпадынар деп доорушот. Эмне элдер жыргаганынан кочолоп жуктуруп жатыптырбы? Тиричилик да керекпи адамга
25.06.2020. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Силер айтканды укпадынар.Эл 2 ай чыдап отурду,чет элден ар кимдерди алып келип малдай жайгандын кесепети ушул.Жоголгулачы баарын 120 кой менен кошулуп.Мите курттар
25.06.2020. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул балбылдап эле элди коркута баштады макул Эл силерди уксун анан эмне ар Бир уйго сен Нан таап бересинби! Дем алыш кунго мага такси жоноткуло!
Samatalibei түзөттү 2020-06-25 22:15:52
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: