super.kg logo

"Курманжан датка" тарыхый тасмасына Казакстандын президенти баа берди

 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кыргыз кинематографисттери тарткан "Курманжан датка" фильмине баа берди. Бул тууралуу ал казак тилинин макамы, аны өнүктүрүүнүн жолдору боюнча маек берип жатып айткан.

Коңшу өлкөнүн президенти телеберүүлөр, радиоуктуруулар эне тилди өнүктүрүүгө салым кошуусу керектигин билдирген.

"Мындан ары улуттук идеяны козгогон программалар көп болушу керек. Менин оюмча, Борбордук Азиядагы коңшу мамлекеттердин тажрыйбасы биз үчүн пайда алып келиши мүмкүн. Тасмалар казак тилин жайылтууда маанилүү ролду ойнойт. Бизге тарыхый жана учурдагы көйгөйлөрдү даана чагылдырган продуктулар керек.

Кыргыз кинематографисттери ары кызыктуу, ары маңыздуу болгон "Курманжан датка" тасмасын 1 жарым миллион долларга тарта алышты. Ал эми биздин тасма жаратуучулар чоң суммадагы каражат сурашат, бирок фильмдин деңгээли дайыма эле жогору боло бербейт", - деген ал.

"Курманжан датка" тарыхый тасмасы Кыргыз мамлекетинин Эгемендүүлүгүнүн 23 жылдыгында, тагыраагы, 2014-жылы 31-августта элге көрсөтүлгөн. Тасмага Садык-Шер Нияз режиссёрлук кылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
25.06.2020. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жакшы тартылган
25.06.2020. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Садык шер азамат
25.06.2020. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Актёрдук составды сонун тандаган,баарысы бериле аткарып,ыйлатканга жеткирчу мыкты тарыхый тасма.
25.06.2020. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен Паразиты деген Корейстердин киносунун режиссёруна беш кеттим. Себеби бир байдын уйу менен кедейдин уйу турган жэр тартылып, Оскар алып койду Азия олколорунун ичинен биринчи .
26.06.2020. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бурмалап тарткан киного кантип баа берди экен, скорее всего Элинанын сулуулугуна эле баа бербесе... Корейлерден, турктордон кинону тартканды уйронуп келгилечи курстан отуп. Женил кинолорго эч нерсе эмес а тарыхый улутка тиешелуу кинону жакшына тартышса тамтыракайын чыгарбай...
26.06.2020. 06:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тарых бурмаланган.оз денгеелине жеткире тартылбаган
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: