"Жайында тумоо болгон адамды көрдүңөр беле? Жок. Бул вирус". Балбак Түлөбаев шаар тургундарына кайрылды
Бүгүн, 25-июнда Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев шаардагы учурдагы абал боюнча онлайн маалымат жыйын берди. Анда ал Бишкек шаарында абал курч болуп жатканын айтып, шаар тургундарына кайрылды.
"Коронавирус илдети азыр биздин жаныбызда, кошунабызда, ар кайсы жерде. Ошондуктан биз бүгүн тарыхый антирекордду көрдүк. Бул өтө коркунучтуу нерсе. Сиздерден суранабыз. Акыбал оор болбосо өзүңөрдү карап, сабырдуулук менен мамиле кылганга өтүңүздөр.
Өзүңүздөр ойлосоңуздар, жай мезгилинде кайдагы сасык тумоо? Жайында сасык тумоо болбойт, бул вирус. Силер биздин өкмөттүн, медиктердин айтканын уккан жоксуздар. Ошондуктан вирусту жайылтып алдык", - деди Түлөбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Бул ошол сен айтып аткан грип сыяктуу эле өтөт. Биз болуп өттүк го башыбыздан өткөрдүк.
Эээээч бир коркунуч жарата турган эмес. Дагы айтам эч бир коркунуч жарата турган оору эмес. Именно ошол сен айтып аткан вирустан бирда адам өлгөн жок.