super.kg logo

Өлкөдө коронавирус менен ооруган медициналык кызматкерлердин ичинен дагы 41 кишиге компенсация төлөнөт. Калганын комиссия иликтеп жатат

 

Бүгүн, 25-июнда парламенттин жыйынында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев коронавирус жуктуруп алган медициналык кызматкерлерге компенсация төлөө боюнча маалымат берди.

Анда коронавирустан каза болгон Жүзүмкан Көкүмбаева менен Альберт Исмаиловдун үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон компенсация төлөнгөнүн айтты. Учурда 41 медициналык кызматкерге 200 миң сомдон компенсация төлөө чечими чыкканын билдирди.

"Атайын түзүлгөн комиссия медициналык кызматкерлер коронавирусту кандай шартта жуктуруп алганын иликтөөнү улантууда. Териштирүүнүн жыйынтыгына ылайык, кызматкерлерге компенсация төлөнөт же төлөнбөйт деген чечим кабыл алынат.

Мисалы аялы медицина тармагында иштеп, бирок илдетти айдоочу болуп жүргөн күйөөсүнөн жуктуруп алган ак халатчанга компенсация төлөнбөйт", - деп түшүндүрдү Каратаев.

Өлкөдө бүгүнкү күнгө карата 648 медициналык кызматкер коронавирус илдетин жуктуруп алды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.06.2020. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тааныш билиш да бул жагы))
"Ооруп бер, акча бөлүшөбүз" хе хе)
25.06.2020. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башталды булардын концертти. Ушинтип отуруп ким канча жегенин билдирип коюшат экенда буюрса
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: