Түркиялык инженер, архитекторлор Бишкек шаарынын көрүнүшүн оңдойт
Түркиялык инженер, архитекторлор Бишкек шаарынын сырткы көрүнүшүн оңдойт. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда маалымат жыйында Бишкек мэри Иса Өмүркулов билдирди. Айтымында, 2014-жылы май айында Кыргызстанда Түрк дүйнөсүнүн
инженерлер жана архитекторлор биримдигинин VI курултайы болот. “Ал 36
мамлекеттин өкүлдөрүн чогултат. Шаардын тышкы көрүнүшүн жакшыртуу боюнча
долбоорлор каралат”,- деди шаар башчысы. Курултай 4 күнгө созулуп Бишкек шаарында
жана Ысык-Көлдө өтөрү айтылды.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















