super.kg logo

"Оорукана курсаңар болмок...". Акылбек Жапаров Саламаттыкты сактоо министрлигине карата сын айтты

 

Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңеште Азия өнүктүрүү банкы менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосундагы каржы келишимин ратификациялоо маселеси каралды. Анда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 20 миллион доллар бөлүнгөнүн, анын 10 миллион доллары гранттык каражат болсо, 10 миллион доллары насыя экенин билдирди.

Жыйында депутат Акылбек Жапаров мындай каражатка жаңы бейтапканаларды куруп койсо болмок деди.

"Бир канча күндөн бери коронавирус менен ооругандардын саны жогорку көрсөткүчкө жетти. Биздин медицина алсыз экенин көрүп турабыз. 20 миллион долларга 20 оорукана курганга мүмкүн болчу. Эмнеге сиздер жаңы бейтапкана курууну сунуштабай жатасыздар?", - деди ал.

Мадамин Каратаев буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги 8 оорукана курууну сунуштап, учурда бул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү Каржы министрлиги жүргүзүп жатат деп жооп берди.

Акылбек Жапаров мындай жоопко канааттанбай: "Мен сизге кайрылып жатам, а сиз Каржы министрлигине шылтап жатасыз. Сиздер күнүмдүк иштер менен алагды болуп, каражаттарды кайда жумшоо боюнча ар кимдин сунуштарын угуп отурасыздар", - деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
25.06.2020. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чын да ,көп мамлекеттерден жардам келди, хотя бы бир больница курса болмок
25.06.2020. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Келген акчаны Врачтар менен болушо албай кырылышып журсонор кайдан оорукана курулат! Оруканадан мурда кыш келатат бийлик элдин курсагын ойлош керек озгочо абал киргизебиз деп коркутпай!
25.06.2020. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Короче Кыргызстан жакынкы 10 жылда ни х онукпойт экен да
Kylychisa түзөттү 2020-06-25 23:27:29
25.06.2020. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч кимисине ишенбейм мен.
25.06.2020. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Силерге окшогон чиновниктер аракет кылса курулабы. Баары жок бүткөндөн кийин калп эле сүйлөп койбой. Акча силерде болгондон кийин, байлар келишип, демилге көтөрүп, КЫРГЫЗдар үчүн бир күйүп койсоңор байлыгыңар түгөнүп калбайт эле.
azamat8607 түзөттү 2020-06-25 23:15:38
26.06.2020. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
azamat8607, туура айтасың бүт эле кыйындар
антип койсоңор болбойбу мынтип койсоңор болбойбу дешип эле. Ошону сага окшогон депутат сөрөйлөр сунуш киргизбейсинерби?- кой абал оорлоп баратат оорукана куралы, деп тим эле асмандан түшкөнсүп, сүйлөй бербей. Убагында каржы министри болуп жүрдүң ошондо акча бөлүп ушуга окшогон нерселерди ойлобойт белең. Качан гана жумушундан түшүп калганда антпейсинерби мынтпейсинерби деп акылдуу боло бербей Акылбек мырза
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: