"Бейтаптан коронавирус аныкталды". Бишкектеги №3 гинекологиянын төрөт бөлүмү эмнеге жабылганы айтылды
Бүгүн, 25-июнда Бишкектеги №3 гинекологиялык оорукананын төрөт бөлүмү жабылганы Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан белгилүү болгон. Бирок министрликтен төрөт бөлүмдүн эмне себептен жабылганын айтышкан эмес.
Кийинчерээк, Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан расмий билдирүү таратышты.
"Аталган ооруканага ыкчам түрдө бейтап келип түшкөн. Андан коронавирус илдети аныкталып, алгоритмдин негизиндеги санитардык иштер дароо жүргүзүлгөн. Төрөт бөлүмдүн 8 кызматкери үй карантинине жиберилди. Алардан алынган ПЦР-анализдин жыйынтыгы илдеттин жок экенин тастыктады. 26-июнда кызматкерлерден кайрадан тест алынат", - деп айтылат мекеменин маалыматында.
Ал эми оорукана штаттык режимде иштеп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.