super.kg logo

Ухан вирусу: Дүйнө жүзү боюнча коронавирус 9 миллион 690 миңден ашык адамга жукту

 

Бүгүн, 26-июнга карата дүйнөнү каптаган коронавирус илдети жер жүзүндөгү 9 миллион 690 миңден ашуун адамга жукту.

Тилекке каршы алардын ичинен 488 миң 962 адам ооруну жеңе алган эмес. Дүйнө боюнча 5 миллион 250 миң 73 адам оорудан айыкты.

Коронавирус эң көп АКШда жайылды. Анда ооругандардын саны 2 миллион 499 миң 23 адамга жетти. Кийинки катарда Бразилия - 1 миллион 228 миң 114 адам менен, Орусия - 613 миң 994 байтап, Индия 491 миң 170 бейтап, Улуу Британия 307 миң 980 бейтап менен турат.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: