super.kg logo

"Конокто тынч отургузбайсың". Орусияда 2 жаштагы баласын бычактап өлтүргөн деп кармалган аялга соттун чечими чыкты

 

Орусиянын айрым басылмаларынын жазганына ылайык, баланын денесинен бычактын сайылган 17 изи табылган. Окуя өткөн жылдын август айында болгон. Киров облусунда 30 жаштагы аял 2 жаштагы баласы менен тааныштарынын үйүнө конокко келген. Алар спирт ичимдигин ичип эс алып отурушканда, бала сыртка чыгам деп эшиктин жанына келип алган. Баланын бул аракетине ачууланган аял анын бир канча жерине бычак сайып өлтүргөн.

Полиция тергөө-иликтөө иштерин баштаганда, аял баланы анын 41 жаштагы таанышы өлтүргөнүн айткан. Бирок тергөөнүн жыйынтыгында ал өзү өлтүргөнү белгилүү болгон. Сот аны 15 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алды. Мындан тышкары жаза мөөнөтү аяктап, абактан чыккандан кийин башка аймакка чыгууга жана жашаган жерин алмаштырууга тыюу салган.

Соттолуучунун атасы соттун чечими менен макул экендигин билдирип, кызы колу менен жасаганды мойну менен тартышы керектигин айткан. Ошондой эле ал кызы апасы каза болуп калгандан кийин спирттик ичимдиктерге берилип, балдарына көп көңүл бурбай калганын билдирген. Аялдын 6 жаштагы дагы бир баласы бар.

Соттолуучу психологиялык-неврологиялык диспансерде каттоодо болгон. Бирок сот ал баланы өлтүрүп жатканда, эмне кылып жатканын аңдап-түшүнүп турган деген жыйынтыкка келген. Күнөөлүү деп табылган аял соттун чечими менен макул эместигин, кийинки инстанцияга кайрыла турганын айткан.






Орусияда баласын бычактап өлтүргөн аял 15 жылга эркинен ажыратылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
26.06.2020. 08:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Андайларды коомдон алыс кылып жок кылыш керек мыкаачы.Кызым чучкуруп койсо кечеетен бери кыжаалатмын))
26.06.2020. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чирип кетсең экен, баладан айлангыр!!!
26.06.2020. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
15жыл аз, омур бою ажыратылсын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: