"Менин жүрөгүм ооруп жатат ушундайларды көрүп алып". Курмангазы Азыкбаев жаңы кабыл алынган мыйзам долбоору тууралуу оюн айтты
Кыргыз Республикасынын Эл артисти Курмангазы Азыкбаев Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча социалдык тармактагы баракчасы аркылуу түз эфирде өз оюн айтты. Анда ал мыйзамдын демилгечилерин жана аны колдогон депутаттарды сынга алган.
"Саламатсыздар, урматтуу мекендештер. Мен Жогорку Кеңештеги талкууга көңүл бурайын дедим эле. Ичим күйүп, каным чуркап башыма чейин жетип кетти. Бул депутат Гүлшат айым кыргыз элинин душманы болуп атпайбы. Бул же кыргызча билбесе, кантип кайсы партия алган аны? Бир ойлонбойсуңарбы! Сөздүн эркиндиги деген болот да. Элдер өз оюн айтат. Анын акчасы толтура экен. Ошол жакка барып отуруп, кыргыз элине залакасын тийгизди. Эгер кыргызча билбесе, кыргыз элинин тарыхын, санжырасын, салтын, наркын, насилин, үрп-адатын билбегендерди эмне кыласыңар ошол жакка алып барып?
Менин жүрөгүм ооруп жатат ушундайларды көрүп алып. Эки сөздү кошуп кыргызча сүйлөй албагандарды эмне үчүн алды? Кичине уялсаңар боло. Бизде сөз эркиндиги деген бар да. Эмне үчүн парламентте кыргыз тилин, Манас атабыздын түпкү өзөгүн, тарыхын, санжырасын билбеген аялдар отуруп, бизди башкарышы керек", - деген эл артисти.
Курмангазы Азыкбаев 1995-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти жана 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамдарын алган.











1 |