super.kg logo

Коронавирус пандемиясынан улам Өзбекстанда жумушсуздардын саны эки миллионго жетти

 

Коронавирус пандемиясы учурунда Өзбекстанда жумушсуздардын саны 600 миң адамга көбөйүп, жалпы 2 миллионго жетти. Бул тууралуу жумушка орноштуруу жана эмгек мамилелери министри Нозим Хусанов жергиликтүү маалымат каражаттарына берген маегинде билдиргенин өзбек басылмалары жазышат.

“Ушул жылдын башында жумушсуздардын саны болжол менен 1 миллион 400 миң адамды түздү. Ошондон бери коронавирус пандемиясынан улам айрым ишканалар жабылып, жумушсуздардын саны 2 миллионго жакындап калды. Мындан тышкары чет өлкөдөгү жумуштарына бара албай жаткан 500 миңге жакын жарандарыбыз бар", - деген Хусанов.

Пандемияга чейин Өзбекстанда жумушсуздук деңгээли 9,3 пайызды түзгөн. Акыркы болжолдуу маалыматтар жана алдын ала эсептөөлөр боюнча, бул көрсөткүч 14-15 пайызга чейин өстү.

Мындан сырткары Нозим Хусанов жумуш орундарын калыбына келтирүү үчүн жаңыча идеялар менен, тагыраагы балык чарбасы, канаттуулар чарбасы, коён багуу, тигүү цехтери жана башка тармактагы иштерди жандандыруу керектигин белгилеген. Жумушсуздукту азайтуунун дагы бир жолу катары – коомдук жумуштар болуп саналат. Пандемия учурунда жумушу токтоп калгандар үчүн атайын коомдук иштер уюштурулат.

Өлкө башчысы Шавкат Мирзийоев май айында Өзбекстанга чет өлкөдөн 39 миң жаран кайтып келгенин билдирген. Мындан сырткары дагы 12 миң киши кайтып келери күтүлүүдө. Ал эми Москвадагы Өзбекстандын элчилиги учурда Орусияда жүргөн 65 миңдей жаран үйлөрүнө кайтуу өтүнүчү менен кайрылып жатышкандыгын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
26.06.2020. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ишенбейм... 25 000 000 дон ашык болсо оздору, 2000000 ну эле ишсиз бекен...
26.06.2020. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mintip-menu-suybo, 2 000 000 сага аз эле окшойт а
26.06.2020. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Mintip-menu-suybo,сен ишенбесен бир нерсе озгоро беле, сага карап жаткандай е!
26.06.2020. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mintip-menu-suybo,эмгек жаштагыларын эсептесе керек статикада
Mularamov түзөттү 2020-06-26 23:02:55
26.06.2020. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жыгылган оогонго күлөт болбой өзүбүзгө көңүл бурсакчы, 6 млн элибиздин теңинен көбү жумушсуз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: