super.kg logo

Ош шаардык мэриясынын бир кызматкеринен коронавирус аныкталды. Ал обсервацияларды уюштуруу иштерин аткарган

 

Бүгүн, 26-июнга карата Ош шаарында COVID-19 инфекциясын 47 адам жуктуруп алгандыгы белгилүү болду. Арасында Ош шаардык мэриясынын бир кызматкери дагы бар. Маалыматты Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Ага ылайык, вирусту жуктуруп алган кызматкер Ош шаардык мэриясында жооптуу кызматта иштейт.

"Ал кызматкер карантин жарыялангандан бери обсервацияларды уюштуруу, ал жакка адамдарды жайгаштыруу менен алектенип, сырттан келген атайын каттамдын жүргүнчүлөрүн күтүп алып турган. Мындан тышкары изоляциядагы жарандарды дагы көзөмөлгө алып турган жооптуу кызматта эле. Учурда вирус жуктуруп алган кызматкер менен байланышта болгон кызматкерлер обсервацияга алынды. Бизде кээ бир адистер үйлөрүнө аралыкта иштөөгө жиберилди. Ал эми калган жооптуу бөлүм башчылары, вице-мэрлер штаттык режимде иштеп жатат", - деди маалымат катчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: