super.kg logo

Президенттин аппаратынын 8 кызматкеринен коронавирус инфекциясы тастыкталды

 

Кыргыз Республикасынын делегация курамында коронавирус жуктуруп алгандар аныкталгандыгына байланыштуу президенттик аппараттын бардык кызматкерлери илдетке карата анализ тапшырышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.

Анализдердин жыйынтыгы боюнча, аппараттын 8 кызматкеринде коронавирус инфекциясы бар экени тастыкталды. Бул 8 адам буга чейин коронавирус жуктуруп алган президенттик аппараттын 2 кызматкери менен байланышта болгон.

Бул илдеттин мүнөзүн жана биринчи анализдеги күмөндүү учурларды эске алуу менен бардык кызматкерлер кайрадан анализ тапшырышат, ага жараша, жыйынтыктар өзгөрүшү мүмкүн.

Санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын алгоритмине ылайык, илдет белгилери жок өтүп жаткандыгын эске алуу менен алардын баары үйдө обочолонууда болуп, дарыланышат.

Аппараттын көпчүлүк кызматкерлери алыстатылган тартипте иштөөсүн улантышууда.

Буга чейин 24-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Москвага барып, бирок аны коштоп барган 2 адамдан коронавирус аныкталганы үчүн парадга катышпай калган. Ал 2 адамдын бири президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, экинчиси күзөт кызматынын бир кызматкери. Бишкекке келгенден кийин коронавируска тапшырган Сооронбай Жээнбековдун анализи таза чыккан. Мамлекет башчысы учурда өз алдынча обочолонууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(18)
26.06.2020. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жээнбеков таза чыкканына ишенбейм
26.06.2020. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Aimani,кошомат кылып таза деп еойдуда
26.06.2020. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Туугандык кылбай чынын айткыла вирус болсо вирус дегиле Сокени да 61 жашында жоготуп албайлы
26.06.2020. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
assanov97,Соке жоголуп кетсе тулоо откорот элем
26.06.2020. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соке ооруп о дунуйого кетип калса ордуна ким Президент болот деп ойлойсунар ?
26.06.2020. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
TalaCSKA,Матр
26.06.2020. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
TalaCSKA,Бироонун олумун тилегиченди озунун омуруну тиле!
26.06.2020. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Президентке деле аябай кыйын болуп турат азыркы учурда!Коронавирус илдети,чек ара чырлары,миллиарддаган тышкы карыз,миграция сыяктуу толгон токой койгойлор топтолду башына!30 жыл чечилбеген чек араны чечиш ото кыйын,АШАнын ойлонбой ала берген миллиарддаган карыздарын толош да Кыргызстан учун аябай кыйын болот эми!Глобально ойлонгулачы отуруп алып эле президентти шыбабай!
26.06.2020. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Aman_90,сага окшоп эркекче пикирлеген адам аз экен, эптеп эле бийликке чоңдорго асылымай өз атаңды коюп көрчү ошол кишинин ордуна деген адам жок.
26.06.2020. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Esenali,туура!
26.06.2020. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Aman_90,сен кызыксын го,эл зордоп алып барды беле ал орунга,озу барды да,вирус гана кутуусуз келди мурда жок эле,калган карыз,миграция,чек ара шайлоого баратканда эле бар эле да билген да,чечкенге духу жетсе барыш керек,популисттик создорду айтып барган башкалар айлыкты 25кылса мен 26 кылам деп,кыйын болсо колдон келбесе озун дагы элди дагы кыйнабасын местаны бошотуп жатып эс алсын.
27.06.2020. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kyrgyz_blogerайтып койом WhatsAppтан жатып эс алабер деп
26.06.2020. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Aman_90,ошол проблемалардын бирөөсүн эле чечип койсунчу
26.06.2020. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Aimani,30 жылдан бээри топтолгон койгойлорду бир заматта чечип коюш мумкун эмес нерсе!Деги эле президентти сындап,жамандап эмне пайда табаар экенсинер!"Ханын сыйлабаган эл эч качан жарыбайт"
26.06.2020. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Aman_90,эң туура сөз кайда кайсы сайттка кирбе жаман жаман.өзүбүздү колубуздан эч нерсе келбейт.
26.06.2020. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сыйлайлы десек сыйга татыктуусу жок болуп жатпайбы кашайып.
26.06.2020. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бир семьяны башкара албайбыз,а түгүл кээде өзүбүздү проблеманы чече албайбыз.бирок бирөөнү сындаганда эч кимге жол бербейбиз.
26.06.2020. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Президентке кошомат кылуу максатым жок.политик да эмесмин. Ушул политиканы тушунбой дабдырагандарга бир соз айткым келди, "ОМАРДЫ ТУШУНБОГОНДОР ХАЯМДЫ ДА ТУШУНБОЙТ
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: