#Reakция 3. Бишкекте сөз эркиндиги үчүн тынчтык жүрүшү өтөт
29-июнь күнү Бишкек шаарында "#Reakция 3. Эркиндик" аттуу акция өтөт. Катышуучулар сөз эркиндигин сактап калуу чакырыгы менен жөө жүрүшкө чыгышат. Буга чакырык социалдык тармакта тарап жатат. Кечээ, 25-июнда Жогорку Кеңеште "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоору колдоо тапкан болчу. Ага 79 депутат "макул" деп добуш берген. Жарандык коом арасында мыйзам долбооруна терс пикирлерин айткандар чыкты. Өз учурунда алар бул сөз эркиндигине болгон чектөө деп сыпатташууда.
Сөз эркиндигин коргоо комитетинин төрагасы Адил Турдукулов #Reakция - бул бейформал уюм болгондуктан, акция атайын бир расмий тараптан уюштурулган эмес. Айтымында, иш-чарага бул идеяга каршы болгон бардык жарандар катышса болот.
Жүрүш 29-июнда саат 12:00дө башталат. Акциянын катышуучулары темир жол бекетинен Ак Үйгө чейин басышат.
"Көрүп жатпайбызбы, Орусиянын Мамлекеттик Думасынын көчүрмө принтери эле болуп калды да Жогорку Кеңеш. Үстүртөдөн эле каралган, башка жактан таңууланган, чийки мыйзамдар, өздөрүнүн демилгеси жок. Бул мыйзамды чийки жана сөз эркиндигине балта чапчу ыкма катары карасак болот. Анткени Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бул маселени чечпеши керек жана кайсы маалымат туура же туура эмес экенин элге таңуулап, массалык маалымат каражаттарды каалагандай жаба турганы бизди туңгуюкка алып барат. Анда мамлекет тараптан таратылган, таңууланган гана маалыматтар болуп калат", - деди Турдукулов.
Бул мыйзам долбоорунун демилгечилери депутат Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова. Долбоордо интернет колдонуучулардан баштап сайттын кожоюндарынын, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Эгерде, кандайдыр бир сайтка же баракчага чындыкка дал келбеген маалыматтар жарыялана турган болсо, өкмөт дароо блокко салат жана ал жоопко тартылат.




1 |