super.kg logo

Маршруттук таксинин айдоочулары жол кирени 20 сомго чейин көтөрүүнү сунушташууда

 

Бишкек шаарында жүргүнчү ташыган маршруттук таксилердин айдоочулары жол кирени көтөрүүнү сунуш кылышты. Маалыматты шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Болотбек Тезекбаев тастыктады.

"Жакында эле Транспорт жана жолдор министрлигинде жыйналыш болуп өткөн. Ага маршруттук ассоциациялардын өкүлдөрү жана башчылары дагы катышкан. Мындан тышкары Саламаттыкты сактоо министрлиги, республикалык штабдан дагы өкүлдөр келген. Жыйналышта ассоциация жетекчилери маршруттук таксилерде жүрүүнүн акысын көтөрүү тууралуу сунушун киргизишти. Алар жол кирени 20 сомго чейин жогорулатып берүүнү суранышкан. Жыйынтыгында мэриянын алдындагы штаб менен эпидемиологиялык комиссияга бул ишти карап чыгуу тапшырмасы берилди", - дейт Болотбек Тезекбаев.

Жол кирени жогорулатуу боюнча экинчи тараптын дагы оюн уктук. "Транс групп" жоопкерчилиги чектелген коомунун инженери Эсен Бейшеналиев айдоочулардын мындай демилгесин колдорун билдирди. Анын айтымында, инженер катары транспортко канча чыгым сарпталарын жакшы билет.

"Азыркы маршруттук унаалардын тетиктеринин 99 пайызы чет жактан келет. Демек техника кымбат. Учурдагы кырдаалга байланыштуу тетиктер мурдагыдай келбей калды. Экинчиден, Европа өлкөлөрүндө жол киренин баасы күйүүчү майдын баасына жараша, ошонун тегерегинде коюлат. Мисалы күйүүчү майдын баасы 30 сом болсо, 25 сомдун тегерегинде болот. Ал эми бизде такыр эле төмөн болуп жатпайбы. Мына ишемби, жекшемби күндөрү коомдук транспортту токтотуп туруу боюнча чечим кабыл алынды. Мындай жагдайда жарандарга гана оорчулук жаралат. Зарыл иштери менен шаарга чыгыш керек болгондор эмне кылат? Андан көрө жол кирени 20 сомго көтөрүп койсо, жүргүнчүлөр аз болсо дагы маршруттук таксилер жүрө бермек. Өз кезегинде эл аз акчага керектүү дарегине жетип алмак. Санитардык талаптар дагы аткарылмак. Баары бир жай мезгилинде жүргүнчүлөр 70 пайызга азаят. Киши аз болот, демек, айдоочулардын эмгек акысы акталбай калат. Бул көйгөй көп жылдардан бери көтөрүлүп келгени менен оң жыйынтык бере элек. Көбү маршруттук таксилердин айдоочуларын жүргүнчүлөрдү көп салат деп айыпташат. Мындай ойлонуп көргөндө айдоочулар таң атпай, эл чыга электе каттамга чыгат, кайра түн ичинде үйүнө келет. Алардын жумушу болгондон кийин иштен пайда түшүшү керек да. Мамлекет акча бербесе, жөн гана киши ташып коюп жүрө бербейт да. Ар биринин артында үй-бүлөсү бар. Андыктан бүгүнкү күндө жол кирени жогорулатуу боюнча көтөрүлүп жаткан маселе абдан туура деп ойлойм", - деди Эсен Бейшеналиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(28)
26.06.2020. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Элди саан уйдай эле коруп алыштыго.Биротоло 100сом эле дебептир ооздун желин аябай
26.06.2020. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
10 сом эле болот
26.06.2020. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азыр монополия болуп жатат да жакында эле жалынып чыгыштыго үй-бүлөмдү маршрутка айдап багам линияны албагыла деп
26.06.2020. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мм соз жок ар ким өзүнө жем тартат элдин жоон терисин сыйрып бүткөнү калышты аз калды го кыйазы бирди көрөрүнөргө.....
26.06.2020. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Куйуучу майга салыштырсанар мурда 10 сом кымбат эле азыр тушту наоборот тушургуло жол кирени, маршрутниктер кунуно минимум 1000 сом табат азыр бизде 1000 сом табыш ото кыйын
26.06.2020. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Маршрут айдаган байкелерге айтаарым убактылуу акчага кызыгып жол кирени көтөрбой эле турсанар бир жеринерди кысып. Өмүр бою маршрут айдап отпойсунор эртең эле өз бала чаканар кыйналат. Ошондо айтасынар арзандатса болмок деп. Маршрут айдаган миң адамдын кызыкчылыгын ойлоп миллион адамдын наалатына калбагыла. Бизде билесиңер кымбаттаган нерсе арзандашы кыйын арзандабайт дагы кайра
26.06.2020. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Иш жок,жолгире кымбаттаса эл кантет?
26.06.2020. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Окуучуларга эртен 10 сом болот деп чыгат 20 сом кылып койсо
26.06.2020. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бензин арзандады эми тетик кымбат дейт ёпдигидик десе.Алдыман чыксан бетине бир шапалак уруп озуно келтирмекмин Э Бейшеналиев дегенди
26.06.2020. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азыр маршрутка айдаган эле эмес баардык жерде кризис болуп жатат го, как будто элдер акчаны күрөп аткансып, булар куру калгандай.
26.06.2020. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргызстанды Европага салыштырбагыла ал жакта айлык акы ото жогору жана эли абдан бай
26.06.2020. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-20
Ушунчалык да болосунарбы э тоова,

Колдойм 100%.Бизден мурун жолго чыгып, бизден кийин укташат, алганы 10 сом.Эмгегине жараша бааланыш керек го.Ар кандай адамдар чыгып нерв да кылышат ОЗУ деле
26.06.2020. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Sakura715, Чыдабаса башка иш кылышсын, бирөө аларды мойнунан байлап иштетип жатыптырбы.
26.06.2020. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Sakura715,кой айланайын, болбойт. Бул маршрутниктер күнүнө 1000 сомдон 5000ге чейин табат 10 сомдон алып атып деле. аа студент, окуучу, акчасы жок, иши жок адамдарга 20 сом кымбат!!!
26.06.2020. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Маршуртниктер башты оорутпай 10-12 сомго тобо кылгыла
26.06.2020. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Коронавирус учун 6, 7 чи куну маршруткалар иштешпейт экен десе, кеп биякта турбайбы... ммммм...
26.06.2020. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Менин досум маршутка айдайт. Канча табасын десем жакшы болгон куну 3000-3500 чейин табам дейт. Болбой калды дегенде 1500 таза табам деген. Кичине шугур кылсанар боло 10 сомго.
26.06.2020. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Айланайын Маршруттук таксинин айдоочулары жол кирени 5 сомго чейин түшүрсөнөр боло, бензин арзандап калды го. 5 сом дел силерге кенен жетет. Түшүрсөнөр элдин сообун аласынар да.
26.06.2020. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
20 сомдон кылып чай кофе Бекер кылгыла
26.06.2020. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
100сом еле дегиле силерден не кетип тир
26.06.2020. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
15 адам батуучу маршруткага 50 адамды камап алып кетсе. Ошондон түшкөн акча деле жетпей жатат бекен
26.06.2020. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жанынды жебечи бети жок! Жол кире которулгондо май кымбаттады деп котортконсунор! Анда 48 сом болчу азыр 28 сом бензин. Бетине котур чыксын сенин. Ишке байланыштуу коп чет жактагы шаарларга барып журом. Мисалы Беларусиянын борбору Минск шаарында шаардык транспорттун 12-14 сом биздин акча менен. Транспортору жаны, таза силерге окшоп элди коп салбайт. 45-50 мин айлык алат шаардын калкы орточо. Бизде ошончо орточо айлык барбы? Россиянын Курс, Рыжск, Серпухов, Ногинск, Саратов шаарлары да ушундай
26.06.2020. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
10 сом эле туура, кебир Куну ал 10 сомду да Таба албай каласын, иштеген жери пересатка менен барса итак эле барып келгени 40 сом, кичине карапайым элди деле ойлосонор Боло, алдым жуттум эле болуп баратасынар,
26.06.2020. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
20 сом кылып ашыкча адам салбайбыз деп эркекче убада бералат экенби Ошо айдоочулар биринчи
26.06.2020. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
urmat94,ал маселени эркекче айткан менен чечилбейт. Азыр бироонун айткан созу жел соз. Ал учун шаардагы маршруттук линиядага бардык маршруткаларды алып ордуна автобус, троллейбустарды сатып келиш керек. Шаарда калктын саны да кобойуп кетти метро болбосо да монорельс, диаметрлирде киргишиш керек инвесторлорду таап. Ошондо 15-20 сомго чыгарса болот. Анда да электронный кошелёко откоруш керек акча туура банка барып тушкудой кылып
27.06.2020. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Күйүүчү май арзандап атат наборот 5сомго түшүрүш керек
27.06.2020. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Арендага берген жетимдерди арзандат десенер. 80% маршруткаларды арендага алып айдайсынар. Андан коро маршруткалардын арендасын тушурткуло.
27.06.2020. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Европага салыштырган инженер мээң иштейби анда айлыкты да европадагыдай кылгыла андан соң жол кирени майдын баасына карап коесунар!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: