Футбол боюнча Кыргызстан курама командасы Азербайжан менен жолдоштук беттеш өткөрөт
Футбол боюнча Кыргызстан курама командасы 19-ноябрда Бишкекте Берти Фокс машыктырган Азербайжан командасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу КРнын футбол федерациясы билдирет. Эске салсак, 6-сентябрда Кыргызстан курама командасы Борисов шаарында Беларусь командасы менен беттешип, 3:1 эсебинде утулуп калган эле. Жалгыз голду биздин футболчулардан Турсуналы Рустамов киргизген. Беттештен кийин футбол боюнча улуттук курама команданын машыктыруучусу Сергей Дворянков: “Беларусь курама командасына биз менен жолдоштук беттеш өткөрүүгө макул болгону үчүн ыраазычылык билдирем. Мындай беттештер биздин команда үчүн жакшы тажрыйба болот”,- деп билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.