super.kg logo

Кубатбек Боронов: "Күз, кыш мезгилдеринде оорулуулардын саны жогорулашы ыктымал, биздин медицина ага даяр болушу керек"

 

Медициналык кызматкерлердин кадрдык резервин түзүү жана аларды тийиштүү окутуу - саламаттыкты сактоо тутуму үчүн маанилүү маселелердин бири. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Ал коопсуздук кеңешинин чечимдерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу ишке ашыруунун зарылдыгын белгиледи, анын бир пункту катары медициналык адистердин кадрдык резервин даярдоо маселеси саналат.

"Бүгүнкү күндө саламаттыкты сактоо тутуму Бишкекте коронавирус илдетине чалдыккандардын саны кескин жогорулашынан улам белгилүү кыйынчылыктарга дуушар болууда. Медициналык кызматкерлер күнү-түнү үзгүлтүксүз иш алып барууда. Мындан тышкары акыркы күндөрү ооруга чалдыккан медициналык кызматкерлердин саны өсүүдө. Бул саламаттыкты сактоо тутумунун ишине өз таасирин тийгизүүдө", - деди өкмөт башчы.

Кыска мөөнөттө медициналык билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин, ординатурада жана интернатурада окуп жаткандардын катарынан медициналык адистерди даярдоо милдети коюлган.

Кубатбек Боронов Бишкек жана Ош шаарларында тийиштүү иш алып баруу зарылдыгын баса белгиледи.

"Биздин саламаттыкты сактоо тутумубуз күз, кыш мезгилдеринде оорулуулардын саны жогорулоо ыктымалдыгына даяр болушу керек. Ар бир облуста медициналык кадрлардын резервин даярдоо абдан маанилүү", - деди Боронов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.06.2020. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Боронов божомолдой берет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: