super.kg logo

Кыргыз өлкөсү да бар. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму карантиндик чектөөлөр жеңилдетилген мамлекеттерде коронавирус инфекциясы тез жайылып жатканын билдирди

 

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү карантиндик чектөөлөрдү жеңилдеткен мамлекеттерде коронавирустун жайылуусу күч алганын айтты. Тагыраагы, коронавирус инфекциясы Армения, Швеция, Молдова, Азербайжан, Казакстан, Кыргыз өлкөсү, Украина, Босния, Косово жана башка мамлекеттерде тез жайылып жатат.

Уюмдун Европадагы регионалдык бюросунун директору Ханс Клюге акыркы эки аптада жогоруда айтылган өлкөлөрдө илдетти жуктургандардын саны кескин түрдө өсүп, оорунун жаңы толкуну жаралды. Анын айтымында, илдеттин жайылуусун токтотпосо, эпидемиологиялык абал көзөмөлдөн чыгып, өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагы кыйроого дуушар болот.

Ханс Клюге Польша, Германия, Испания жана Израиль мамлекеттеринин коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдөгү иштерин алкоого алган.

Бүгүнкү күндө Кыргыз өлкөсүндө коронавирус менен ооругандардын саны 4 миң 204кө жетсе, анын 2 миң 162си айыкты. 43 бейтабы каза болду.

Ал эми коңшу Казакстанда ооругандардын саны 19 миң 759 болсо, 12 миң 304 бейтабы айыккан. Каза болгондор 147ге жетти. Дагы 13 миң 560 жаранда оорунун белгилери байкалбай өтүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
26.06.2020. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Америкада канча миллион киши митингке чыгып талкалап атышты аларды эмнеге айтпайт.Кучу жеткени эле Кыргызстан
26.06.2020. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстан только жаман жаңылыкка бай .Тизмеде жок да Кыргызстан, тизмеде бар да Кыргызстан .
26.06.2020. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаман уйду коногу бийлейт болуп атат да.
26.06.2020. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Америка менен саламаттыкты сактоо уюму урушуп жатпайбы, Америка бул уюмдан чыгабыз деп жаткан, балким чыгып да кеткендир, Америкада тополоң боло берип, элдер аралыкты сактабай дагы больницалар толо баштаптыр, бир күндө 37 000 кишиден чыгыптыр вирус, бүгүн эле көрдүм эле жаңылыктардан!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: