super.kg logo

Бишкекте бейтапты ооруканалар кабыл албай, каза болгон. Бул иш боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүлөт

 

Бишкекте бейтапты ооруканалар кабыл албай, дарыгерлердин жардамына муктаж болгон жаран каза болгон. Бул тууралуу маркумдун жакыны видеокайрылуу жасап, жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине билдирген.

Видеонун автору 22-июндан бери ооруканаларга кайрылганын айтып, инисинин дене табы жогору болгону менен коронавируска тапшырган тесттин жыйынтыгы таза чыгып, бейтапканалар кабыл алышпай койгонун айткан. Кайрылуу жасаган жаран иниси бүгүн, 26-июнда унаада отурган жеринен кайтыш болгонун айтып, коронавирустан башка илдет менен ооруган канча бейтап тиешелүү жардам ала албай, каза болуп жатат деген.

Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинен атайын комиссия түзүлгөнүн, тиешелүү кызматтык териштирүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин маалымат берилерин айтышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.06.2020. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудайым сактасын!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: