super.kg logo
  Саясат  

"Өз өлкөсүн татыктуу көрсөткөн Кыргыз аскерлерине ыраазычылыгын билдирди". Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөштү

 

Бүгүн, 26-июнда Кыргыз өлкөсү менен Орусиянын өлкө башчылары телефон аркылуу сүйлөштү. Анда Владимир Путин Сооронбай Жээнбековго жана Кыргыз аскерлерине ыраазычылыгын билдирди. Маалыматты президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки жактын тең кызыкчылыгындагы кызматташуу маселелерин талкуулашты.

"Владимир Путин Сооронбай Жээнбековдун Москвага келгенине ыраазычылыгын билдирди жана аскер парадына катыша албай калгандыгын өкүнүү менен белгиледи. Ошондой эле Орусиянын президенти Жеңиш парадынын катышуучуларынын катарында өз өлкөсүн татыктуу көрсөткөн Кыргыз аскер кызматкерлерине дагы ыраазычылыгын билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми Сооронбай Жээнбеков Москва шаарындагы Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата майрамдык иш-чараларга катышууга чакыруу үчүн ыраазычылыгын айтты.

Аскер парадына катышуудан баш тартуу чечими эң биринчи кезекте ардагерлер менен чет элдик делегация башчыларынын саламаттыгына кам көрүү менен шартталганын белгиледи.

Ошону менен бирге кыргыздар Москванын Кызыл аянтында Советтер Союзунун Баатыры Калыйнур Үсөнбеков атындагы аскер институтунун аскерлери жеңишке жетишкен ата-бабаларындай болуп параддан өткөндөрүн чоң кызыгуу жана сыймыктануу менен көрүшкөнүн баса белгиледи.

Эки мамлекет жетекчилери стратегиялык өнөктөштүктү жогорку деңгээлде колдоо боюнча макулдашышты






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: