super.kg logo

Казакстандын Чымкент шаарында абал оор. Бейтаптар ооруканадан орун алуу үчүн бир нече сааттап "Тез жардам" унаасында жатышат

 

Казакстандын Чымкент шаарында күн санап коронавирус менен ооругандардын саны өсүүдө. Буга катар эле сасык тумоо, ОРВИ да жашоочулар арасында жайылууда. Ушул тапта андагы ооруканалардан орун алуу өтө кыйын болуп жатканын Казакстандын басылмалары жазууда. Ага ылайык, стационарлар ылайыкталгандан да көп бейтаптарды кабыл алышкан, ага карабастан ооругандар көбөйүп, орун жок болгондуктан "Тез жардам" унааларында бир нече сааттап күтүп жатышат.

Бейтаптардын жакындарынын да, дарыгерлердин да абалдын курчтугуна айла таппай жатканы жазылат маалыматта. Дарыгерлер бейтаптарга "Тез жардамдын" ичинде жардам көрсөтүп жатышат. Шаардын жашоочуларынын бири анын апасы пневмония менен ооруп калып ооруканага алып келишкен. Бирок оорукананын дарбазасынын жанында унаада 13 саат күтүүгө туура келген. Дарыгерлер түнү келген бейтапты эртең менен кабыл алышкан. Арадан жарым саат өтүп, анын каза болуп калганын кабарлашкан.

Чымкенттеги жугуштуу оорулар ооруканасынын башчысы Амангелды Нурлыбаев чынында эле орун жетишсиз болуп жатканын, абал ушундай уланса башка ооруларды дарылаган ооруканаларды даярдоого туура келерин айткан.

Өткөн суткада Казакстанда 569 адамдан коронавирус аныкталып, жалпысынан бул илдетке чалдыккандардын саны 20 миң 319га жетти.






Чымкенттин ооруканаларындагы абал

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
27.06.2020. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын Эми Кыргызстанда да ушундай болуп кеткенче Бир амалын табыш керек жоголбой эле кунуго кобойуп жатат го Кыргызстанда да.
27.06.2020. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир ай эч ким үйүнө көчөгө чыкпай турса азаят
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: