+309. Бул коронавирус өлкөгө келгенден берки эң жогорку көрсөткүч! Бишкек менен Ошто кайрадан илдетти жуктуруп алгандар көп
Өлкө аймагында дагы 309 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу илдет боюнча өлкөдөгү абалды айткан онлайн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Бишкек шаары – 118;
Чүй облусу – 23;
Ош шаары – 94;
Ош облусу – 39;
Нарын облусу – 5;
Жалал-Абад облусу – 19;
Ысык-Көл облусу – 5;
Талас облусу – 3;
Баткен облусу – 3.
Жаңы катталган 309 адамдын ичинен 5өө сырттан келген, калган 304ү тастыкталган учурлар менен байланышта болгон.
Ошентип, соңку 6 күн ичинде өлкөдөгү коронавирус боюнча эң жогорку көрсөткүч 5 жолу жаңыланды. 22-июнда 205, 24-июнда 207, 25-июнда 228, 26-июнда 250 адам илдет менен каттоого алынды.
Республика боюнча 4513 адам бул илдетке чалдыкты.
Стационарда – 628, алардын ичинен жандандыруу бөлүмүндө – 12, үй карантининде оору белгилери жок өтүп жаткандар – 1627.
Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөр – 3 887, COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 17 929 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал).














1 |