Бир суткада медициналык 43 кызматкерден коронавирус табылды. Муну менен 712 медкызматкер ооруга чалдыкты
Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык 43 кызматкерден коронавирус инфекциясы табылды. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев айтты.
Илдет аныкталган дарыгерлердин ичинен:
• Бишкек шаарында – 19;
• Чүй облусунда – 7;
• Ош шаарында – 7;
• Ош облусунда – 3;
• Нарын облусунда – 2;
• Баткен облусунда – 1;
• Ысык-Көл облусунда – 4.
Ал эми бир суткада 11 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу 712 медкызматкерге коюлду. Алардын ичинен 414 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.