super.kg logo

Аламүдүн районунда 14 жаштагы өспүрүм 2 аптадан бери дайынсыз болууда. Милиция издөө жарыялады

 

Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгы 14 жаштагы Белек Мамасабировго издөө салат. Маалыматты бүгүн, 27-июнда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда айтылгандай, ал Аламүдүн районунун Өскөн-Ордо жаңы конушунда жашайт. Ушул жылдын 14-июнунда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Белек Мамасабировдун белгилери: бою 150-155 сантиметр, толугураак дене түзүлүштө, чачы кара кыска, мурду кырдач. Үйдөн чыккан күнү кара түстөгү футболка, жашыл түстөгү спорттук шым, жайкы бут кийим жана кара кепка кийип жүргөн. Оң далысы менен колунда күйүктөн калган тактар бар.

Белекти көргөн-билгендер болсо же ал тууралуу маалымат уккандар болсо (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, (0312) 36-35-27, (0312) 36-35-23, 0709 21-18-08, 0550 34-33-63, 0778 00-09-99 номурларына кабарласа болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: