super.kg logo

"Дарыгерлер үлгүрбөй жатышат". Саламаттыкты сактоо министрлиги бир күндө 4 миң адамдан кайрылуу түшкөнүн айтты

 

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевге онлайн брифинг учурунда "Социалдык тармактарда ооруканалар башка илдет менен барган бейтаптарды кабыл албай жатышат, министрликтен кандай чаралар көрүлөт?" деген суроо берилди.

"Ооба, акыркы күндөрдө ооруканалардагы орундар боюнча көйгөй болуп жатат, бул айтылгандарды жокко чыгара албайм. Негизинен COVID-19 илдети Бишкек жана Ош шаарларында болуп жатат. Бизде 335 койка бар экенин айттым, бүгүнкү күндө биз орундарды көбөйтүүнү ойлонуп жатабыз. Өзүңүздөр көргөндөй, акыркы күндөрү ооругандардын саны көбөйүп жатат.

Азыр пневмония менен ооруп келгендерди дагы кабыл ала баштадык, мындай бейтаптар үчүн 92 орун камдалды. Чакыруулар өтө көп болуп жаткандыктан "Тез жардам" кызматы үлгүрбөй жатат, кечээ кечинде эле 146 чакыруу болду, 33 бригада иштеп жаткан, кошумча бригадаларды да ишке киргиздик. Жалпысынан күн ичинде 3 миң 940 кайрылуу болду.

Бирок ооруканалардагы орундар жана башка илдет менен ооруп жаткан бейтаптар тууралуу айта турган болсом, биз аларга жардам көрсөтөбүз", - деди Каратаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: