Ош шаардык мэриясындагы дагы 4 кызматкерден коронавирус аныкталды
Ош шаардык мэриясынын дагы төрт кызматкеринен коронавирус аныкталды. Маалыматты мекеменин басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров бүгүн, 27-июнда билдирди.
Маалыматка ылайык, буга чейин мэриянын бир кызматкеринен инфекция табылып, андан кийин бардык кызматкерлер ПЦР-анализ тапшырышкан.
"Анын жыйынтыгында төрт кызматкерден оору табылды. Алардын ичинен үчөө четтен келген авиарейстерди тосуп алып, келген жүргүнчүлөрдү обсервацияларга жайгаштырып, уюштуруп, өздөрү очоктордо иштеп жүргөн кызматкерлер. Мэриядагы жашы улуу кызматкерлер, бөлүмдөрдүн кызматкерлери үйдөн иштөөгө жөнөтүлдү. Мэр, вице-мэрлер, бөлүм башчылар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатабыз", - деди Абсаттаров.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
pero5184

28.06.2020. 12:50
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сакайып кетишин тилеейбиз.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.