super.kg logo

"Дагы бир жамандык болуптур". Кыргыз эл артисти, режиссёр Бакыт Карагулов дүйнөдөн кайтты

 

Сценарист, режиссёр, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бакыт Карагулов 70 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Маалыматты Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан тастыкташты.

"Ооба, 2 күн мурун ооруп ооруканага түшкөн экен, тилекке каршы көз жумуптур", - дешти министрликтен.

Карагуловдун көз жумганы боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз төмөнкүдөй билдирүү жазды.

"Акырындап көнө берет окшойбуз го... Дагы бир жамандык болуптур. Бакыт Карагулов агабыз өтүп кетти деген суук кабар уктум. Эх Баке. Жаркылдаган киши элеңиз, сиз менен баарлашып олтуруу бир керемет эле. Кайсы тема болбосун каалагандай калчап берер элеңиз. Тамашаңыз элде жок, чукугандай сөз таап, бирок сиздин тамашаңыз эч кимди таарынтпас эле. Мен сизге дайыма суктанчумун. Сиздин учкул сөздөрүңүздү жаттап алып, башкаларга айтып берип жатканда баары бир сиздей айта албасымды сезип турчумун. Сиз тарткан “Бороондуу бекет” дагы канчалаган чыгармаларыңыз калды артыңызда. Эркелеп доор сүрдүңүз. Наркы дүйнөдө да Кудайым сизди өз кучагына алсын", - деген ал.

Ал эми Ассоль Молдокматова режиссёр коронавирус илдетинен улам көз жумду деген билдирүүсүн жазган. Бул боюнча министрликтен: "Азырынча бизге өлүмүнүн себеби маалым эмес", - деп билдиришти.

Бакыт Карагулов 1950-жылы Фрунзе шаарында төрөлгөн. 1973-жылы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин бүтүргөн. Андан кийин Москва шаарындагы Киноакадемияда билим алган. «Айдагы жез кемпир», «Бороондуу бекет», «Саманчынын жолу», «Найман эненин көз жашы» жана башка фильмдерди тарткан.

SUPER.KG порталы Бакыт Карагуловдун көз жумгандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтып, кайрат тилейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
27.06.2020. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
70 жаш кутман курак! Мен да 70ке чыгып олсом арманым болбос. Жаткан жери жайлуу болсун
27.06.2020. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Жараткан Тенир жаткан жерин жай кылсын.
27.06.2020. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун...
27.06.2020. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эмне эле болуп атат маданият өкүлдөрү биринен сала бирин жоготуп жатабыз жаткан жери жайлуу болсун
27.06.2020. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Быйыл кыргыз маданиятында өтө чоң жоготуулар болду.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: