super.kg logo

Өкмөттүк аппараттын 26 кызматкеринен COVID-19 аныкталды

 

Өкмөттүн аппаратынын кызматкерлеринен COVID-19 вирусунун бар-жогун текшерүү үчүн анализ алынган. Анализдин жыйынтыгы боюнча 26 кызматкерден коронавирус инфекциясы аныкталганын өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, эки күн мурда 11 адамдын инфекцияны жуктургандыгы аныкталган, кайрадан алынган анализдин жыйынтыгы боюнча дагы 15 кызматкер илдетке кабылгандыгы белгилүү болгон.

"Алардын арасында премьер-министрдин кеңешчиси Артём Новиков жана премьер-министрдин жардамчысы бар. Өкмөттүн аппарат жетекчиси Таалайбек Темиралиев байланышта болгон адам катары учурда обочолонууда.

Санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын алгоритмине ылайык, алар үй карантининде жана тиешелүү дарылануудан өтүшүүдө. Алардын көпчүлүгүндө оорунун белгилери билинбей өтүп жатат. Ошондой эле алар менен байланышта болгон адамдар аныкталган. Өкмөттүн аппаратынын кызматкерлеринин көпчүлүк бөлүгү аралыктан иштөөнү улантышууда", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: