super.kg logo

"Катуу оорудан кийин көз жумду". Кыргыз эл артисти, кинорежиссёр Бакыт Карагуловдун өмүр баяны

 

Президент Сооронбай Жээнбеков жана өлкөнүн башкаруу бутактарындагы бир катар адамдар, коомдук-саясий ишмерлер, маданият кызматкерлери кечээ, 27-июнда жарык дүйнө менен коштошкон Кыргыз эл артисти Бакыт Карагуловдун жакындарына көңүл айтышып, аза кайгысын тең бөлүшөт. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришип, Карагуловдун өмүр баянына токтолушкан.

"Кыргыз улуттук маданияты орду толгус оор жоготууга учурады. 2020-жылдын 27-июнунда 70 жаш курагында Кыргыз Республикасынын Эл артисти, элибиздин белгилүү кинорежиссёру, сценарист, публицист, «Кыргызфильмфондусунун» директору Карагулов Бакыт Назаркулович катуу оорудан кийин дүйнөдөн кайтты", - деп жазылат анда.

Бакыт Карагулов 1950-жылы 12-августта Фрунзе (Бишкек) шаарында жарык дүйнөгө келген. 1973-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 1977-1979-жылдары Москвада Жогорку режиссёрдук курста атактуу режиссёр Александр Миттанын өнөрканасында окуган. Анын дипломдук иши «Ээрде олтур» (1981) кыска метраждуу тасмасы болгон.

Бакыт Карагуловдун кинорежиссёр катары алгачкы ийгилиги «Айдагы жезкемпир» толук метраждуу көркөм фильми 1985-жылы Кыргыз өлкөсүнүн борборунда өткөн Бүткүл Союздук «Жомок» кинофестивалында атайын байгеге ээ болгон.

Бакыт Карагулов 1979-2000-жылдары тарткан «Токтогулдун урпактары», «Биринчи генерал», «Тынчы жок күндүн жылдары», «Айылдагы фабрика», «Миндаль качан гүлдөйт?», «Атчандын көлөкөсү» жана башка даректүү тасмалары менен мыкты документалист катары да таанылган.

Бакыт Карагуловдун кинематографиядагы ишмердүүлүгүндө Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы өзгөчө орунду ээлеген. Карагулов залкар жазуучунун адабий чыгармаларын ийгиликтүү экрандаштырып, көрүүчүлөрдүн сынына: «Келгин куштун ыйы» (1990, «Бетме-бет» повестинин негизинде), «Бороондуу бекет» (1995, Берлинде эл аралык кинофестивалда алтын камерага татыктуу болгон — 1996), «Саманчынын жолу» (1996, «Саманчынын жолу» повестинин негизинде), «Найман эненин ыйы» (2004, «Кылым карыткан бир күн» романындагы «Дөнөнбай куш» уламышынын негизинде) сындуу керемет тасмаларды тартуу кылган.

2018-жылы Бакыт Карагулов Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган «Айтматовдун ааламы» аттуу көп метраждуу даректүү фильмин тарткан. Ал Кинематография департаментинин коллегиясында 2018-жылдагы мыкты фильм деп таанылган.

Режиссёрдун соңку фильми Апрель революциясынын 10 жылдыгына арналган «Менин жалгыз мекеним бар — ал Кыргызстан» деп аталган. Фильмде кыргыз элинин тарыхы, ошондой эле көз карандысыздык алгандан кийин 2010-жылдагы окуяларга чейинки тарыхый окуялар чагылдырылган.

Бакыт Карагулов бир нече жылдар бою Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» Улуттук киностудиясын үзүрлүү жетектеген. Кыргызстан кинематографисттер бирлигинин мүчөсү болгон. Кыргыз киноискусствосуна сиңирген зор эмгеги үчүн «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери», «Кыргыз Республикасынын Эл артисти» деген ардактуу наамдарга ээ болгон.

Президенттик аппараттын маалыматында "жаркын инсан, чыгаан режиссёр, сценарист, публицист Бакыт Карагуловдун жаркын элеси элибиздин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат", - деп жазылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: