super.kg logo

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы Олег Запольский мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

 

Ички иштер министрлигине караштуу Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы Олег Запольский мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Маалыматты ИИМдин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Ага ылайык, Запольский кечээ, 27-июнда 39 жашында көз жумган. Андан 2 күн мурун ооруп ооруканага жаткырылган.

"Азырынча Запольскийдин өлүмүнүн себеби тактала элек. 23-июнда COVID-19га ПЦР-тест тапшырып, анализи таза чыккан", - дешти ИИМдин маалымат кызматынан.

Запольскийдин өлүмүнүн себебин Саламаттыкты сактоо министрлиги тактап берери, андан кийин кошумча маалыматтар болору айтылат билдирүүдө.

Олег Запольский аталган кызматты 2019-жылдан бери жетектеп келген. Милициянын подполковниги. Буга чейин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысынын орун басары, ыкчам-издөө башкармалыгынын башчысы кызматтарын аркалаган.

SUPER.KG порталы Олег Запольскийдин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
28.06.2020. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Больница кабыл албай койгон муну да деп соцтармактарда ызылдап жатышат,температурасы тушпой,опкосу ооруп каза болуптур.
28.06.2020. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Абдан чынчыл,ишин берилип аткарган,мыкты кызматкер болгон экен,аттин,40ка чыкпай кете бериптир,ушундай жакшы адамдар тез кетет бул дуйнодон...
Жаткан жери жайлуу болсун.
Пусть земля будет пухом..
28.06.2020. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бечара жакшы инсан эле,органда иштеген тагам укмуш мактаар эле(СБНОНдун начальнигиндей так иштеген ментти көрбөдүм деп) о дүйнөсүн берсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: