super.kg logo

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын 39 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан башчысы Олег Запольскийдин эмгек жолу

 

Ушул жылдын 27-июнь күнү 39 жаш курагында ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы, милициянын подполковниги Запольский Олег Викторович дүйнөдөн кайткан. Буга байланышуу Ички иштер министрлигинин кызматкерлери кесиптешинин жакындарына, үй-бүлөсүнө көңүл айтышат. Ошондой эле ИИМ Запольскийдин эмгек жолун маалымдады.

Олег Запольский 1981-жылы Фрунзе шаарында туулган.

1998-жылы мектепти аяктаган соң Кыргыз-Орус Славян университетинин юридикалык факультетине тапшырып, 2003-жылы ийгиликтүү аяктаган.

2004-жылы Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин түзүлгөндүгүнөн баштап кенже лейтенант наамында жөнөкөй ыкчам кызматкер болуп кызмат өтөп баштаган.

2010-жылы Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча бөлүмүнө толук ыйгарымдуу ыкчам кызматкер кызмат ордуна которулган. Бул чөйрөдө кызмат өтө убактысында кесиптештери менен Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жана эл аралык деңгээлдеги туруктуу кылмыштуу топторду жана баңгизаттарды сатуучуларды кармап, бир топ кылмыштардын бетин ачкан. Бул эмгектери үчүн Кыргыз өлкөсүнүн, Орусиянын, Казакстандын жана Жамааттык коргонуу келишим уюмунун (ЖККУ) медалдары жана артыкчылык белгилери менен сыйланган. 2014-жылы жеке ок атуучу курал менен сыйланган.

Олег Запольский 2015-жылы Орусиянын ИИМдин Башкаруу Академиясынын ички иштер органдарынын ишин уюштуруу факультетине тапшырып, 2017-жылы аяктап, экинчи жогорку билимге ээ болгон.

2017-жылы Олег Запольскийге милициянын подполковниги атайын наамы ыйгарылган. 2019-жылдын январь айынан баштап Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы болуп дайындалган.

"Кызмат өтөө учурунда өзүн дайыма оң жагынан көрсөтө алды. Жоопкерчиликтүү, тартиптүү, оор басырыктуу, ыкчам-күжүрмөн тапшырмаларды аткарууда өздүк курам арасында кызматты мыкты уюштурууга жөндөмдүү чыныгы жетекчи болчу. Өмүрүнүн бүткүл убактысы кызматына арналып, дайыма бардык күчү менен жоопкерчиликтүү кызмат өтөп келди. ИИМдин жетекчилиги, Коллегиянын мүчөлөрү, Ардагерлер кеңеши, Генералдар клубу жана ички иштер органдарынын бардык өздүк курамы милициянын подполковниги Олег Запольскийдин үй-бүлө мүчөлөрүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт. Бул биз үчүн чоң жоготуу. Анын жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат", - деп жазылат ИИМдин маалымат кызматынын билдирүүсүндө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.06.2020. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мыкты кызматчылар,жакшы адамдар эрте отуп кеткени абдан окунучтуу..
Жаткан жери жайлуу болсун.
Пусть земля будет пухом.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: