Алайда 22 сантиметр жааган кардан улам өзгөчө кырдаалдар министри чукул жыйын өткөрдү
Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Алай районуна караштуу Сары-Таш айылына жааган кардан улам жыйын өткөрдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
27-июндан 28-июнга караган түнү Ош облусунун Алай районуна караштуу Сары-Таш айылында саат 00:20 чамасында жамгыр жаап баштаган. Саат 03:40 чамасында жаан карга айланган. Кар 28-июнь күнү саат 12:35ке чейин уланып, кардын бийиктиги 22 сантиметрге жеткен.
Буга байланыштуу өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров түзүлгөн жагдайга байланыштуу тийиштүү чараларды көрүү максатында жыйын өткөрдү. Ага ылайык, министр кырдаалдардын алдын алуу боюнча өз учурунда ыкчам чараларды көрүүнү тапшырды.
"Адам өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды болтурбоо үчүн ӨКМнын башкармалыктарынын башчыларына жергиликтүү бийлик органдары жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү менен тез арада алдын ала чараларды көрүү боюнча тапшырма берди", - деп жазылат маалыматта.






1 |