Бишкекте медиктер жетишпей жатат. Мэрия ыктыярчы дарыгерлерге муктаж
Борбор калаада COVID-19 жуктургандар көп катталгандыктан, медиктер жетишпей жатат. Мындан улам шаардык мэрия ыктыярчы-адистерди жардамга келүүгө чакырды. Акыркы күндөрү Бишкек шаары менен Чүй облусунда ооруга чалдыккандардын саны күн санап өсүүдө. Мындан улам шаардык мэрия ыктыярчы дарыгерлерге муктаж болууда.
"Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал чыңалып турат, медиктер, эпидемиологдор март айынан бери күчөтүлгөн режимде иштеп келүүдө. Алар чарчап, ооруп калып жатат. Мындай абалдан улам медиктер тартыш болууда. Биз кайдыгер эмес шаардыктарды, ординаторлорду, интерндерди, медиктерди жана вирусологдордун жардамга келишин өтүнөбүз. Бишкек медицина кызматкерлерине муктаж болууда", - деп айтылат мэриянын маалыматында.
Өлкөдөгү кырдаалга кош көңүл карабай, ыктыярчы болууну каалаган жарандар төмөнкү номерлерге кайрылуусу шарт: дарыгер Шакир Турсунбаев: 0558755577, 0554994949.





1 |