Сутка ичинде өлкөдө дагы 44 ак халатчандан коронавирус аныкталды
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 44 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Маалыматты республикалык штабдан билдиришти.
Бишкек шаарында – 23;
Чүй облусунда – 14;
Ысык-Көл облусунда – 4;
Жалал-Абад облусунда – 2;
Талас облусунда – 1.
Акыркы бир суткада 11 медицина кызматкери ооруканалардан айыгып чыгышты.
Республика боюнча жалпы 783 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталып, алардын ичинен 431и айыгып чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.