Оштун "Алай" футболдук клубунун дагы бир оюнчусунан коронавирус аныкталды
Оштун "Алай" футболдук клубунун дагы бир оюнчусунан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына клубдун басма сөз кызматкери Нуристан Марат уулу билдирди.
"Клубдун дагы бир оюнчусунан коронавирус аныкталды. Ал буга чейин инфекция аныкталган футболчу менен чогуу бир бөлмөдө жашачу. Азыркы учурда алар ооруканада дарыланып жатышат. Ал эми калган оюнчулар обсервацияда", - деди басма сөз кызматкери.
Буга чейин "Алай" футболдук клубунун бир оюнчусунан коронавирус инфекциясы аныкталганы кабарланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.