super.kg logo

Бишкек шаарында "#Reakция 3.0 Эркиндик" аталышындагы нааразычылык акциясы өтүп жатат (фото)

 

Бүгүн, 29-июнда Бишкек шаарында "#Reakция 3.0 Эркиндик" аталышындагы нааразычылык акциясы өтүп жатат. Акцияга катышуу үчүн азыркы тапта "Эркиндик" бульвары тарапка 100гө чукул жаран чогулду.

Уюштуруучулардын айтымында, митинг “Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбооруна каршы уюштурулган. Алар алдыда "Эркиндик" бульварынан баштап, парламенттин имаратынын жанына чейин жөө басып барууну пландашууда.

Митингге мурдагы саясатчы Өмүрбек Текебаев дагы келген.

"Мен бул мыйзамга каршымын. Анткени Конституцияга ылайык, бүгүнкү саясий системдин негизинде саясий атаандаштык коюлган. Эгерде сөз эркиндиги болбосо, саясий атаандаштык болбойт. Бүгүнкү бийликтин жасап жаткан иши саясий атаандаштыкка сокку урат", - деди өз сөзүндө Текебаев.

Жарандык коомдун каршылыгына карабай, парламент аталган мыйзам долбоорун 26-июнда үчүнчү окууда кабыл алган. Социалдык тармактардын колдонуучулары бул мыйзам "сөз эркиндигине каршы багытталат" деп нааразы пикирлерин айтышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: