"#Reakция 3.0 Эркиндик" аталышындагы нааразычылык акциясынын катышуучулары парламент төрагасын жоопко тартууну талап кылышты




Бүгүн, 29-июнда Бишкек шаарында “Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбооруна каршы "#Reakция 3.0 Эркиндик" аталышындагы митинг өттү.
Акциянын катышуучулары президент Сооронбай Жээнбековдун документти вето кылышын талап кылышты. Мындан тышкары нааразычылык акциясынын катышуучулары Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаевдин атына жазылган арыздын астына кол топтошту. Билдирүүдө депутаттар өздөрү үчүн гана эмес, кесиптештерине да добуш бергени айтылып, ага нааразычылыктар күч экени жазылат.
"Тактап айтканда, мыйзамды кабыл алууга добуш бергендердин тизмесинде депутат Экмат Байбакпаевдин фамилиясы көрсөтүлгөн. Бирок ал COVID-19 табылгандыгы үчүн отурумга катышпай калган. Бул кадам менен депутаттардын иш-аракеттеринде кызматтык ыйгарым укуктарды кыянаттык менен пайдалануунун белгилери байкалды”, - деп айтылат билдирүүдө.
Уюштуруучулар нааразычылык акциясында Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековду жана башка депутаттарды кылмыш жоопкерчилигине тартууну суранышты.
"Башка депутаттарга добуш берип жатканын көрүп турса дагы төрага унчуккан эмес, бул мыйзамсыз", - деди жарандык активист Урмат Жаныбаев.
Ал эми бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу менен байланышканыбызда, ал төмөнкүлөргө токтолду.
"Акциянын жүрүшүн интернет аркылуу көрүп жаттык. Алардын талабы бизге кат түрүндө келсин, мына ошого жараша жооп болот", - деди ал.
Сөз эркиндигин чектеген мыйзамга каршы митинг өттү





1 |