super.kg logo
  Саясат  

ЖОЖдордо экзаменден 4 алган студенттер стипендия алышпайт

 

Башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын студенттеринин жана окуучуларынын стипендиясы көбөйдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ушул жылдын 1-сентябрынан баштап өкмөттүн токтомуна ылайык, ЖОЖдордо жалаң бешке окуган студенттер гана 800 сомдон, ал эми орто кесиптик билим берүү мекемелеринде эң жакшы баага окуган студенттер 720 сомдон алышат. 

   

Ал эми  окутуу мөөнөтү 10 айдан ашык эмес болгон башталгыч кесиптик билим берүүчү уюмдарынын тамак-аш менен камсыз болбогон жана эң жакшы баалары бар окуучулары 500 сом, жакшы жана эң жакшы баалары бар окуучулар 400 сом, жалаң жакшы баалары бар окуучулар 300 сомдон ала баштайт.

   

Ал эми окутуу мөөнөтү 2 жана 3 жылдан өйдө, тамак-аш менен камсыз болгон, эң жакшы баалары бар окуучулар 300, жакшы жана эң жакшы баалары бар окуучулар 250, жалаң жакшы баалары бар окуучулар 200 сомдон ала башташат. Жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын 1-курстарынын студенттери менен окуучуларына стипендия 1-семестрдин жыйынтыгы боюнча төлөнөт. 

  

Эскерте кетүүчү жагдай, экзаменден 4 алган ЖОЖдун студенттери стипендия алуу укугунан ажырайт.

  

Ошондой эле дене-бой өнүгүүсүндө жетишсиздиги бар жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын студенттерине, башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын окуучуларына окуу боюнча стипендия жалпы негиздерге ылайык 10 пайыз жогорулатылган өлчөмдө төлөнөт.

   

Күндүзгү бөлүмдө окуган жетим жана ата-энелеринин кароосунан ажыраган, акыл эси начар өнүккөн балдар 624 сом социалдык стипендия алууга укуктуу.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: