"Токио-2020": Токио шаарынын жашоочулары олимпиада оюндарын өткөрүүгө каршы
Токио шаарынын жашоочуларынын дээрлик жарымынан көбү келерки жылы өтө турган "Токио-2020" жайкы олимпиада оюндарын өткөрүүгө каршы экендигин сурамжылоо учурунда билдиришкен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, сурамжылоону 26-28-июнь күндөрү "Токио MX" телеканалы жүргүзгөн. Ага 18ден 72 жашка чейинки 1 миң 30 адам катышып, анын 51,7 пайызы олимпиаданы өткөрүүгө каршы экендигин айтышса, 46,3 пайызы олимпиаданы өткөрүүгө макул экендигин айтышкан. Калган эки пайызы бул жөнүндө ойлонуп көрбөгөндүгүн билдиришкен.
Эске салсак, быйыл өтө турган "Токио-2020" жайкы олимпиада оюндары коронавирус пандемиясынан улам 2021-жылга жылдырылган эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Genka

29.06.2020. 16:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ситуацияга карап коросунгор да эми
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.