super.kg logo

COVID-19 вирусу өпкөдөн сырткары дагы кайсы органды жабыркатат?

 

COVID-19 вирустук инфекциясы адамдын өпкөсүн гана эмес, бөйрөктүн иштешин да зыянга учуратат. Мындай жыйынтыкка франциялык окумуштуулар келишкендигин чет элдик маалымат булактары жазышат.

Франциялык окумуштуулардын изилдөөсүнө ылайык, коронавирус жуктуруп алган бейтаптардын дээрлик 80 пайызынын өпкөсүнөн сырткары бөйрөгү да жабыркагандыгы аныкталган. Коронавирус менен ооруп жаткан бейтаптардын заарасына жасалган анализден аларда белок, фосфат жана глюкозанын кескин түрдө азайганы байкалган. Окумуштуулардын айтымында, бул организмге өтө терс залакасын тийгизет. Бул илдет менен жабыр тарткан адамдарда фосфат заты азайгандыгы үчүн сөөгүнүн бекемдиги жоголуп, буту-колунун сөөктөрү ооруп, мууну алсыздайт. Андан сырткары кандын ашыкча кычкылдануусу чоң көйгөй жаратат. Дагы башка терс факторлоруна заара чыгаруудагы көйгөйлөр, чаңкоо, организмге суюктуктун жетишсиздиги, физикалык жактан алсыздоо кирет. Ал эми америкалык окумуштуулар коронавирус жуктуруп алган адам айыккандан кийин да ден соолугунда пайда болгон көйгөйлөр менен узак убакытка алышууга туура келет деген пикирин айтышкан эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: