super.kg logo
  Спорт  

Мурат Саралинов: “Орусиянын 5 спортчусуна бөлүнгөн акча бизде бир командага жумшалат”

 

10-сентябрда мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинде күрөш олимпиадалык оюндардын тизмесинде калгандыгына байланыштуу жыйын болду. Жыйынга аталган агенттиктин башчысы Мурат Саралинов жана күрөш федерациясынын өкүлдөрү катышты. Саралинов: “Күрөш олимпиадалык оюндардын тизмесинен чыгарылбаганы бардык спорт сүйүүчүлөр үчүн жакшы кабар болду. Күрөш байыртан бери келе жаткан спорттун түрү” деп билдирди. Анан да спорт тармагындагы бир топ көйгөйлөрдү айтып өттү. "Биздин өлкөнүн курама командасынын бюджети орусиялык 5 олимпиадачыга кеткен каражат менен тең. Мындай бюджет менен чоң спортто жакшы жыйынтык көрсөтүү кыйын. Мисалы спортчулар үчүн бөлүнгөн акча өз убагында берилбейт. Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, бекитилгенине карабай каржылоо дайыма кечиктирилүүдө. Бул спортчулардын да психикалык даярдыгына тоскоол болот. Каражат маселеси чечилдиби? Мелдештерге кимдер барат? деген суроолор жөнүндө спортчулар ойлонбошу керек. Спортчулардын жакшы жыйынтык көрсөтпөй калышына бир гана федерация же спорт агенттиги эмес каржы министрлигинин да тиешеси бар. Биздин эсептөөбүз боюнча мелдештерге баруу үчүн кеткен 50 миллион сомдун 20 миллиону билеттерди убагында албагын үчүн кымбат баада сатып алууга кетет экен. Бул жөн гана каражаттын натфйжалуу колдонулбай жатышы”,- деди Саралинов.      

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: